VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунан репортаж

Sputnik
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду жыл сайын экономикалык форум өткөрүп келет. Быйыл VI форум Ысык-Көл жээгинде өтүп жатат. Анда бир нече кыргыз-орус ишканалары, өкмөттүк деңгээлдеги атка минерлер катышууда. Аталган форумга Sputnik Кыргызстан маалымат агентиги медиа өнөктөш болуп эсептелет. Учурда биздин көчмө студия форумдан түз алып берүүнү даярдашууда. Бүгүнкү “АЧЫК КЕПтин” алкагында мына ушул форумдун жүрүшу тууралуу кеп кылабыз!