Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Күрөш федерациясын Эркин Тентишев жетектемей болдуКыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 4 жылда 838 млн. доллар түз инвестиция киргенКыргызстан менен Россия геология жаатында кызматташууну макулдашты алдыда кененирээкКыргызстан менен Россиянын ортосунда геология жаатында кызматташуу макулдашылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, КМШнын өкмөттөр аралык кеңешинин 27-жыйынында "Кыргыз геология" мамлекеттик ишканасы менен Карпинский атындагы Бүткүл россиялык геология илим-изилдөө институтунун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган. Макулдашуунун негизги пунктулары: 2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын минералдык ресурстарынын картасын түзүү.Кыргыз Республикасынын жер казынасынын санариптик көчүрмөсүн түзүүгө даярдык көрүү.Карпинский институтунун базасында "Кыргыз геология" ишканасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу. Кыргызстан менен Россиянын жаш геологдорунун биргелешкен экспедицияларын уюштуруу.Кыргыз Республикасында геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү. Зарылдык болсо беш жылдан кийин келишимдин мөөнөтү узартылары кошумчаланды.
2019-2023-жылдары Кыргызстанга ЕАЭБдин башка мамлекеттеринен 838 миллион доллардан кем эмес чет элдик түз инвестиция келгенин Улуттук статистика комитети билдирди. Агенттик Россия, Казакстан жана Беларусь боюнча өзүнчө маалыматтарды берген. Армениядан дагы инвестиция келери маалым, бирок анын көлөмү айтылган эмес. Өлкөлөр боюнча сандар төмөнкүдөй: Россия — 504,3 млн доллар; Казакстан — 329,3 млн доллар; Беларусь — 4,4 млн доллар. Эң аз каражат 2020-жылы түшкөн: Россиядан – 13,5 миллион доллар, Казакстандан – 33,6 миллион доллар. Соңку жылдары ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестициянын өсүшү байкалууда. Алсак, 2023-жылы Россиядан 159,8 миллион доллар, Казакстандан 101,3 миллион доллар келген.
Жума күнү Чолпон-Ата жана Анталия шаарларынын ортосунда боордоштук шаар байланыштарын түзүү боюнча протоколго кол коюлганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.Бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди бекемдөө жана пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жаңы этап экени белгиленди. "Шаарлардын ортосундагы кызматташтык ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде туризм жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Келечекте шаардык инфраструктурага жана жээктерди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулат", — деп айтылат маалыматта. Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошоновдун айтымында, протокол биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Күрөш федерациясынын президенти болуп Эркин Тентишев шайланды. Бул тууралуу федерациянын соцтармактагы баракчасында кабарланды. Мындай чечим спорттук уюмдун 14-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган. Эркин Тентишев 2021-жылы марттан баштап бир жыл Чүй облусун жетектеген. Кийин ал өлкө башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болгону кабарланган. Эске салсак, бул кызматты ээлеп турган Мелис Турганбаев 4-сентябрда өз эрки менен федерациядан кеткенин жар салган.