Кыргызстан мал экспортун эмне себептен убактылуу токтотту?

Sputnik
Кыргызстан малдын экспортун убактылуу токтотту. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдиришинче токтотуу электрондук системада малдын идентификациясын иретке келтирүүгө байланыштуу киргизилген. Инвентаризация 15-20 күнгө созулуп, бул мезгилде берилген арыздар инвентаризация аяктаганда артыкчылыктуу тартипте каралат.
Ошондой эле жалпы мал экспорту боюнча кырдаал тууралуу, кандай кемчиликтер, артыкчылыктар бардыгы боюнча Суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору Бексултан Нурбек уулу айтып берди.