Кесиптик лицейлердин директорлору кантип тандалууда? - окуу жайды кимдер жетектей алат?

Sputnik
Билим берүү жана илим министрлиги 12 кесиптик лицейдин директорлук кызматына сынак жарыялады. Документтерди кабыл алуу 9-сентябрдан 20-сентябрга чейин созулат. Бул берүүдө аталган сынактын күнгөй-тескейи тууралуу кеп кылдык. Ошондой эле жылдан-жылга эмгек рыногунда суроо-талап өсүп жаткан башталгыч кесиптик адистер тууралуу маектештик. Дал ушул кесиптик лицейлер адисттерди кантип даярдашууда? Саны канча? сапаты кандай? Кайсыл адистерге азыр суроо талап көп? Ушул жана башка суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова суроолорго жооп берди.