Сейрек кездешүүчү элементтер камтылган кендер дыкат изилдениши керек. Руданын запасы, бургулоодогу иштер, зыяны, экономикалык салмагы таразаланышы керектигин Рустам Бейшенбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тоо-кен тармагынын өнүгүшү үчүн заманбап технологиялар менен кошо тажрыйбалуу адистер керектелет.
"Кыргыз геология кызматы учурда бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда. Алсак, Куттуу-Сай-2 жана Кызыл-Омполдогу кенди иштетүү жумуштары бар. Негизи сейрек кездешүүчү элементтерди алууда көп изилдөө жүрүшү керек. Мисалы, илимий жактан тастыкталып, руданын запасы, бургулоодогу иштер, зыяны, экономикалык салмагы таразаланышы зарыл. Ошону менен бирге кен казууда жогорку технологиялар колдонулушу кажет, тажрыйбалуу адистердин орду эбегейсиз. Кен байлыктар дагы изилдениши керек, чалгындоо болушу шарт. Ага жараша кийинки ири долбоорлор аныкталат", — деди Бейшенбай уулу.
Ошондой эле ал өлкөдөгү калдык сактоочу жайларды реконструкциялоо иштерине да көңүл бурулушу зарылдыгын кошумчалады.