Садыр Жапаров шаардыктардан таштандыны кечкисин ыргытууну өтүндү

Президент кыргызстандыктарды жаратылышты келечек муунга таза бойдон өткөрүп берүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек менен Ош шаарларынын тургундарына өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кайрылды.
Анда өлкө башчы элден таштандыны кеч киргенден баштап түн жарымга чейин төгүүнү өтүндү.
"Урматтуу шаар тургундары! Таштандыны кеч киргенден баштап түнкү саат 24:00гө чейин таштап берсеңиздер. Түнү менен таштанды тазаланат. Көпчүлүк эртең менен таштанды таштаганга көнүп калган. Ошондуктан эртең менен эмес, түнкү саат 24:00гө чейин таштанды таштаганга үйрөнсөңөр, күндүз кечке таштанды салган челектер таза турмак", — деди Жапаров.
Президент кыргызстандыктарды жаратылышты келечек муунга көздүн карегиндей сактап, таза өткөрүп берүүгө чакырды.
Республика боюнча ишембиликте 5000 тоннадан ашык таштанды чогултулду