Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шольц Киевге Россиянын түпкүрүнө сокку урууга каршы позициясынан кайтпайт

Ушу тапта Батышта Киевге Россиянын түпкү аймактарына ракеталык сокку урууга салынган тыюуну алып салуу кызуу талкууланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц Украинага Россиянын тереңдеги аймактарына сокку урууга уруксат бербөө позициясынан кайтпайт. Бул тууралуу Welt гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
Кеп мында Киев режиминин Германиядан ала тураган курал-жарагы тууралуу болууда.
"Позиция өзгөргөн жок. Калган мамлекеттер башкача чечим кабыл алган күндө да менин пикирим өзгөрбөйт. Андайга барбайм, анткени бул чоң көйгөй", — деген Шольц СДПГ партиясындагы тарапташтары менен жолугушуу учурунда.
Эскерте кетсек, ушу тапта Батышта Киевге Россиянын түпкү аймактарына ракеталык сокку урууга салынган тыюуну алып салуу кызуу талкууланып жатат. Маселе АКШ президенти Жо Байден менен Улуу Британия премьери Кир Стармердин жолугушуусунда талкууланмак, бирок эч кандай расмий билдирүү жасала элек.

Россиянын позициясы

Бейшемби күнү РФ президенти Владимир Путин НАТОдо Украинанын Батыш берген курал-жаракты колдонуусу эле эмес, жаңжалга түз аралашуу да талкууланып жатканын эскерткен. Өлкө башчынын айтымында, Киев режими бүгүнкү күндө деле Россиянын аймагына дрон жана башка каражаттар менен сокку урууда. Ал эми Батыштын өндүрүшүнөн чыккан жогорку тактыктагы курал-жаракты колдонуу тууралуу сөз болгондо Путин мындай операцияларга альянс мамлекеттеринин аскерлери да катышарын, анткени ракеталык системаларга учуу тапшырмаларын ошолор гана бере аларын белгиледи.
РФ лидери Батыштын Украина жаңжалына тикелей аралашуусу атайын операциянын маани-маңызын өзгөртүп, НАТО — АКШ мүчөлөрү, европалык мамлекеттер Россия менен согушууда дегенди түшүндүрөрүн эскертти. Анын айтымында, мындай жагдайда Москва пайда болгон кооптуулуктардан карап чечим кабыл алууга аргасыз болот.
Американын Калифорниядагы базасында Россиянын армиясына каршы машыгуулар жүрүүдө