БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Москва Вашингтонду Россия менен Ирандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташууга кийлигишпөөгө чакырат. Бул тууралуу РФтин ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков айтканын РИА Новости жазды.
Алар мындай алака эч кандай эл аралык милдеттенмелерди бузбастыгын айтышты.
"Биздин мамилелер убакыт менен сыналган. Анда эл аралык милдеттенмелер жаатынан алганда, кандайдыр бир милдеттенмелерди бузбайт жана эч кимдин коопсуздугуна же аймактык тең салмактуулукка терс таасирин тийгизген элементтер жок", — деди Рябков.
Анын айтымында, Россия менен Ирандын кызматташтыгы саясат, экономика жана транспорт тармагында өтө кеңири жайылган.
"Аскердик-техникалык кызматташтык да бар. Аны эч ким танган жок. Бирок ал АКШнын иши эмес жана алар бирөөнүн маселесине мурдун тыкпай өз иши менен алектениши керек", — деп айтылат маалыматта.