Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Блинкендин Россия тууралуу сөзүнөн кийин АКШда күтүүсүз билдирүү жасашты

АКШнын мамлекеттик катчысы Вашингтон Киевге Россиянын аймагына америкалык ATACMS ракетасы менен сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ак үйдөгүлөр кандай иштерге барып жатканын өздөрү да түшүнүшпөйт. Мындай пикирин Пентагондун мурдагы кеңешчиси Теодор Постол АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Вашингтон Киевге Россиянын аймагына сокку урууга уруксат берет деген билдирүүсүнө жооп иретинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Блинкендин жакында эле айткан сөздөрү Ак үйдөгү адамдар өздөрү жасап жаткан иштердин кесепетин такыр түшүнүшпөйт деп түпөйүлдөнгөндүгүмдүн себебин дагы бир жолу тастыктады", — деген Постол Schiller Institute YouTube каналына курган маегинде.

"АКШ жана НАТОну жетектегендер согуштан жеңилишти", — деп кошумчалаган эксперт.
Шейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Британиянын Sky News телеканалына курган маегинде Вашингтон Киевге Россиянын түпкүрдөгү аймагына америкалык ATACMS ракетасы менен сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экендигин айткан.
Бейшембиде Владимир Путин НАТОдо Украина Куралдуу күчтөрүнүн Батыштын ыраакка ата турган куралдарын колдонушу боюнча гана эмес, согушка түздөн-түз катышуусу да талкууланып жатканын билдирген. РФ лидеринин айтымында, киевдик режим Россиянын аймагына учкучсуз аппараттар жана башка каражаттар менен сокку уруп жатат. Ал эми Батышта жасалган таамай, алыс аралыкка атуучу куралдарды колдонуу тууралуу кеп болгондо мындай операциялар альянска кирген өлкөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлө турганын, анткени ракеталык системаларды учурууну ошолор гана ишке ашыра алышарын түшүнүү керектигин айткан.
Путин Украинадагы согушка Батыштын түздөн-түз катышуусу согуштун түпкү маанисин өзгөртүп, НАТО мүчөлөрү, АКШ, Европа өлкөлөрү Россия менен согушканын билдирерин кошумчалаган. Россия президенти Москва ага каршы көрүлгөн аракеттердин негизинде чечим кабыл аларын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин НАТО Украина согушуна түз катышууну талкуулап жатканын айтты. АКШнын жообу