Радио

Амракулов: Кыргызстандан чыккан автожирлердеги коопсуздукка катуу көңүл бурулат

"Шумкар" трансулуттук ААКтын башкы директору Мавлян Амракулов ата мекендик автожирлерди мүнөздөп берди.
Sputnik
Кыргызстанда чыгарылып жаткан автожир же болбосо тик учактарда коопсуздук маселесине олуттуу көңүл бөлүнөт. Анын учуу аралыгы 50-60 метр болсо, конууга беш метр аянт жетиштүү. Бул тууралуу Мавлян Амракулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган автожирлер бир жолу май куюу менен 600 чакырымга учуп бара алат.

"Шумкар" трансулуттук ААКсы үч долбоорду ишке ашырат. Анын биринчиси — автожир же болбосо эки орундуу тик учак чыгаруу. Биздин тик учактар бардык жерге коно берет, тоолуу Кыргызстандын шартында колдонгонго абдан ыңгайлуу. 98 үлгүсүндөгү күйүүчү май менен 70 литр куюп, 600 чакырымга жетсе болот. Өзгөчө кырдаалдар учурунда, кырсыкта калгандарды сактоодо, тоолуу аймактарга азык-түлүк жеткирүүдө керектүү транспорт. Анын ар кандай түрлөрү болот. Баасы 60 миң доллардан башталат. Лизингге бир канча жылга бөлүп төлөө менен сатуу жолдору каралууда. Бардык каалаган кыргызстандыктар сатып алса болот. Учуу үчүн атайын даярдыктан өткөрүп, 78 саат ичинде окутуучу борборубуз бар. Мындан сырткары, биздин ишкананын экинчи долбоору — муниципалитеттерге керектелүүчү шаймандык автотранспортторун чыгаруу. Ал эми үчүнчү долбоорубуз мамлекеттин коопсуздук жаатында", — деди Амракулов.

Ал ата мекендик тик учактарды борбор калаадан Баткен облусуна жана Ысык-Көлгө учуруп, кумга кондуруп сынап көрүшкөнүн айтты.