Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Акырындык менен ысыктын илеби кайтып, айрым аймактарда таңга маал жана кечке жуук күн сууктап калганы сезилет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Борбор калаада 17-сентябрда жамгыр себелеши ыктымал, калган күндөрү күн ачык болору айтылган.

Чүй, Талас

17 жана 19-сентябрда күндүз аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт. Чүйдүн тоолуу аймактарында гана кээ күнү жаан жаап, ал тургай карга айланып кетиши ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Бул аймактарда деле аптанын эки күнү жаанчыл болору болжолдонууда. Маселен, 17инчи жана 19-сентябрда көпчүлүк аймактарында жамгыр себелеши мүмкүн. Калган күндөрү күн ачык болгону менен тоолуу аймактарда 15-16-сентябрда жана 20-сентябрда Жалал-Абаддын тоолорунда күндүн көзү бузулушу ыктымал.

Ысык-Көл, Нарын

Көпчүлүк жеринде бул апта жаанчыл болот. Бул эки облуста жаандын болушу болжолдонбогон күн дээрлик жок. Болгону Нарында 18-сентябрда гана күндүн көзү көрүнөрү айтылган.
Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы