Республика боюнча ишембиликте 5000 тоннадан ашык таштанды чогултулду

Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров да катышып, элди эс алуудан кийин таштандыны ала кетүүгө үндөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кечээ, 14-сентябрда, республика боюнча ишембилик өтүп, ага жалпы 295 127 адам катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, ишембиликке катышкандар жалпы 5 147 тонна таштанды чогултушкан. Анда эс алуучулар тоо арасына, жаратылыш койнуна ыргыткан акыр-чикир, тамак-аштын калдыктары, желим бөтөлкөлөр алынды. Бул ишембиликке мамлекет башчысы Садыр Жапаров да катышып, элди эс алуудан кийин таштандысын ала кетүүгө үндөгөн.
Байсалов өлкөдө кайсы облустан ишембиликке канча киши катышканын жана канча таштанды чогултулганын көрсөткөн таблицаны да жарыялады.
Ага ылайык, Чүйдүн аймагынан 1 316 тонна, Ош облусунан 1 123 тонна, Ош шаарынан 976 тонна, Бишкектен 714 тонна таштанды топтолгон. Нарындан 202, Баткен облусунан 584, Таластан 234 тонна, Ысык-Көлдүн аймагынан 364 тонна, ал эми Жалал-Абад облусунда 345 тонна таштанды чогултулган.
Көлдүн түбүнөн тонналаган таштанды менен миңдеген метр торлор дагы деле чыгууда