Кыргызстанда жолтандабас менен кроссоверлер канчадан сатылууда. Инфографика

Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаалардын базарлардагы баасы тууралуу айтып берет. Бул ирет жолтандабастар менен кроссоверлердин наркы кандай өзгөргөнүн аныктадык.
Sputnik
Биз сандар бир аз айырмаланган autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарынын маалыматтарын салыштырып чыктык.
Эң көп сатылган автокөлүктөрдүн тизмесине төмөнкүлөр кирди:
Kia Sportage III;
Subaru Forester IV;
Lexus GX I 470;
Hyundai Santa Fe III;
Toyota Landcruiser 200;
Lexus RX II 350;
Honda CR-V III;
BMW X5 III.
Биз автокөлүгүн саткан адамдар койгон баалардын орточо наркын көрсөттүк, бул баа өзгөрүшү мүмкүн дегенди билдирет.
Буга чейинки мониторинг 2-августта Улуттук банктын курсу боюнча доллар 84,03 сом болуп турган учурда жүргүзүлгөн. Америкалык валютанын наркы 13-сентябрга карата 84,36 сомду түздү.
2013-жылы чыгарылган BMW X5 III унаасы 800 долларга, ал эми Toyota Landcruiser 200-1100 долларга кымбаттаган. 2015-жылы чыккан Hyundai Santa Fe III автоунаасынын баасы 1400 долларга түшсө, 2014-жылы чыгарылган Toyota Landcruiser 200 машинасы 3 100 долларга арзандады. Жалпысынан баанын айырмасы 100 доллардан 9 миң долларга чейин болду.
Тема боюнча:
Кыргызстанда электромобилдер канчадан сатылууда. Инфографика