Космонавттарды даярдаган Кыргызстандагы окуу жай. 36 өлкөдөн келип билим алгандар

18-августта Кыргызстандын Аскер-аба күчтөрү кесиптик майрамын белгиледи. Бул күн — 70 жыл мурда уюшулган №23565 авиациялык бөлүгү үчүн да өзгөчө күн.
Sputnik
1941-жылдын августунда Кыргызстандын борборунда 24-аскердик башталгыч мектеп түзүлгөн. Ал эми 1941-жылы ноябрда Фрунзеге Одессадан аскердик учкучтар окуу жайы эвакуацияланган.
1959-жылы 6-августта бул окуу жайлардын базасында авиациялык кадрларды даярдоо жана өркүндөтүү боюнча V борбордук курстар (ПУАК) уюштурулуп, анда 36 өлкөнүн студенттери жана курсанттары билим алышкан. 1950-1990-жылдары алардын катарынан дүйнөлүк геосаясатта чоң роль ойногон таасирдүү саясатчылар жана аскер башчылар чыкты.
V борбордук курстардын саясий жана тарбиялык иштери боюнча жетекчиси, отставкадагы полковник, Бишкек мамлекеттик университеттин профессору Валимжан Таңырыков курсанттар менен угуучулар тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди.

"Кыргызстандагы бул аскердик окуу жайды Индия жана Монголиянын космонавттары Ракеш Ша́рма жана Жүгдэрдэмидийн Гүррагчаа бүтүргөн. Токмок гарнизонунда Венгриянын аскердик-транспорттук авиациясы түзүлгөн. Мындан сырткары, Африканын кыз-келиндеринин арасынан алгачкы аскердик учкуч Диала Фатимату Бинту тик учакты айдоо боюнча адистикти окуган", — деп эскерди Таңырыков.

Тема боюнча:
Курсанттарды таң калтырган Жаңыл Түмөнбаева менен Роза Отунбаева. Таберик сүрөт