Израилдин Газага соккусунан каза болгондордун саны 41 миңден ашты

Жабыркаган адамдар 95 миңден ашык.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Израилдин өткөн жылдын 7-октябрынан бери уланып жаткан Газа секторун аткылоолорунан каза болгондордун саны 41 182ге жетти. Бул тууралуу Газанын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаганын РИА Новости жазды.
Билдирүүгө ылайык, жабыркаган адамдар 95 миңден ашкан.
Акыркы эки суткада эле Израилдин абадан урган соккуларынан Газа секторунда 64 адам каза болгон.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган.
БУУ: Израиль Газада адамзатка каршы бир нече кылмыш жасады