Министрлик эт дүңүнөн 500 сомдун тегерегинде сатылып жатканын айтты

Базарда сатылып жаткан эт. Архив
Соңку айда базарларда эттин баасы кымбаттап, Бишкекте 680 сомдон 800 сомго чейин сатылып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймагында эттин дүң баасы турукташып жатканын билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда эт дүң баада 480-500 сомдун тегерегинде сатылууда.
Министрликтен акыркы күндөрү эт кымбаттап кеткенине байланыштуу Ветеринардык кызмат ыкчам чараларды көрүп, жыйынтыгында анын дүң баасы турукташып жатканын кошумчалашты.
Ал эми керектөөчүлөр бул аптада эт чекене баа менен килограммына 650-700 сомдон сатылып жатканын билдиришкен.
Эске салсак, соңку айда базарларда эттин баасы кымбаттап, Бишкекте 680 сомдон 800 сомго чейин сатылып жаткан.
Уйдун этин устукандап жаткан касапчы. Архив
Өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртканын көлөмү өстү