Радио

Сакыев: департаменттин табигый кырсык боюнча берген божомолунун 80%ы туура чыгат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев божомолдордун канчалык туура чыгып жатканы боюнча атайын анализдер жүргүзүлүп турарын айтты.
Sputnik
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин алдын ала берген маалыматтары көпчүлүк учурда туура чыгат. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, божомолду түзүүдө заман талабына ылайык жаңы техникалар колдонулат.
"Бир нече ыкма менен анализдер жүргүзүлүп анан божомол берилет. Атайын заман талабына ылайык техникалар да колдонулат. Биздин божомолдорубуздун канчалык деңгээлде туура чыгып жатканы тууралуу статистикалык маалыматтар бар. Албетте, божомолдор 100 пайыз дал келип жатат дей албайбыз, атайын жүргүзүлгөн анализдерге ылайык, биздин божомолдорубуздун 80 пайызы туура чыгууда. Мындан дагы так болуусу үчүн ыкмаларды, техникалык мүмкүнчүлүктү өркүндөтүү керек. Учурда бул багытта жумуштар жүргүзүлүүдө", — деди Сакыев.
Ошондой эле ал кооптуу аймактарга жаңы атайын байкоочу аппараттарды орнотуу аракети көрүлүп жатканын, алар алдын алуу иштеринин илгерилешине шарт түзөрүн кошумчалады.