Жапаров жаңы "Ош" базарынын курулушунан тартылган видеолорду жарыялады

Президент келерки жылдан баштап соодагерлер жабык, заманбап, бардык шарты бар базардын ичинде иштеше турганын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жаңы "Ош" базарынын курулушу учурундагы видеолорун жарыялады.

"Жаңы "Ош" базарынын курулуш иштери сапаттуу жана кызуу жүрүүдө. Кудай буюрса, келерки жылдан баштап соодагерлер жабык, заманбап, бардык шарты бар базардын ичинде төрт мезгил бою жылуу-жумшак соода кыла башташат", — деп жазган мамлекет башчысы.

Мэриянын маалымат кызматы "Ош" базары Бишкектин түндүк тарабына, Сокулук районуна көчүрүлөрүн билдирген. Ал жерге жаңы автовокзал, "Ош" базары жана турак жай кварталы жайгашкан көп функционалдуу шаарча куруу пландалган.
Жаңы "Ош" базары менен Батыш автовокзалынын концепциясы. Эскиздер