Реконструкцияланып жаткан "Ала-Тоо" аянты 21-сентябрда ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектеги реконструкцияланып жаткан "Ала-Тоо" аянтынын расмий ачылышы 21-сентябрда өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматта бишкектиктер жана шаар коноктору үчүн саат 18:00дө акысыз концерт уюштурулары айтылат. Ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу жаңы, бийлеген от фонтандарынын ачылышы болот.
Эске салсак, борбордук аянт апрелден бери оңдолуп жатат.
Өкмөт башчы мамлекеттик цирк кандай оңдолуп жатканын көрдү. Видео