Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Зеленский Россияга тереңдеп сокку урууга уруксат сурап АКШга өзү барат

Владимир Путин НАТО мамлекеттери ушу тапта Киевдин ыраакка атылуучу куралдын пайдалануусун эле эмес, украин жаңжалына түз аралашууну да талкуулап жатканын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Владимир Зеленский Америка президенти Жо Байдендин өзүнөн Россиянын тереңине Батыш берген курал менен сокку урууга уруксат сурап АКШга бармай болууда. Бул тууралуу немецтик Bild жазганын РИА Новости кабарлады.

"Зеленский жакынкы апталарда АКШга барып, өзүнүн стратегиясын АКШ президенти Жо Байденге да, ажолукка талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харриске да көрсөтөт", — деп айтылат макалада.

Басылманын маалыматы боюнча, Зеленский Россиянын тереңине Батыш берген ракеталар менен сокку урууга уруксат алуу ниетинде.
РФ президенти Владимир Путин НАТО мамлекеттери ушу тапта Киевдин ыраакка атылуучу куралдын пайдалануусун эле эмес, украин жаңжалына түз аралашууну да талкуулап жатканын эскерткен. Батыштын чыр-чатакка тикелей кийлигишүүсү атайын операциянын максатын өзгөртө албай турганын, Россия өзүнө кооптуулук жаралган кырдаалга карап чечим кабыл алууга аргасыз болорун белгилеген.
Буга чейин Guardian Британия өкмөтүндөгү маалымат булактарына таянып Киевге Storm Shadow ракеталары менен Россиянын тереңине сокку урууга уруксат берүү чечилгенин, бирок расмий жарыя болбой турганын жазган.
Ал эми Times гезити Ак үйдөгү талкуулардан кабары бар тараптарга таянуу менен АКШ президенти Жо Байден Владимир Зеленский "жеңиш" планын ачыктамайынча Россиянын тереңине ракеталык сокку урууга уруксат бербей турганын айтып чыкты.
Москва Вашингтонду Иран менен Россиянын мамилесине киришпөөгө чакырды