Бастырма, 4 контейнер, автоунаа күйүп кетти. Ак-Өргөдө чыккан өрт өчүрүлдү

Өрт башталгандан кийин бир сааттан соң чектөөгө алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Түш ченде Бишкектин Ак-Өргө конушунда турак үйдөн чыккан өрт саат 18.03тө толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады.
Кырсыктын кесепетинен үйдүн 150 чарчы метрлик чатыры, бастырма, төрт контейнер, бир автоунаа толугу менен күйүп кеткен.
1 / 4

Түш ченде Бишкектин Ак-Өргө конушунда турак үйдөн чыккан өрт саат 18.03тө толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ кабарлады

2 / 4

Кырсыктын кесепетинен үйдүн 150 чарчы метрлик чатыры, бастырма, төрт контейнер, бир автоунаа толугу менен күйүп кеткен

3 / 4

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен бир контейнер жана бир машина сакталып калды

4 / 4

Окуя болгон жерге төрт күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган

"Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен бир контейнер жана бир машина сакталып калды", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге төрт күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Бишкекте бетон аралаштыргыч машина менен кагышкан скутерчи мүрт кетти. Видео