16-сентябрга карата аба ырайы

16-сентябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. 16-сентябрь, дүйшөмбүдө, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл жергесинде +20…+25, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +26…+28, Ош шаарында +29...+31 градуска көтөрүлөт.
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу