УКМК Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбековду кармаганы айтылууда

Атайын кызмат бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевди кармаганын бизге маалымат булактар кабарлады.
Алдын ала айтылган боюнча, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган.
Зилалиев менен Сатыбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду.
Атайын кызмат бул тууралуу азырынча маалымат бере элек. Кармалгандар эмне боюнча айыпталып жатканы да азырынча белгисиз.
УКМК Данияр Үсөновдун уулунун Бишкектеги ресторан-кафелерин жапты