"Таштандыны ала кеткенди үйрөнөлү". Садыр Жапаров ишембиликке чыгып, элге кайрылды

Мамлекет башчысы балдарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурууга үндөп, тарбия аркылуу тазалык маданиятын, жоопкерчилик жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле калыптанарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттик администрациянын, иш башкармалыктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 14-сентябрда, Чүйдөгү "Теплые ключи" дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында ишембилик өткөрдү.
Анын маалымат кызматы тараткан видеодон тоо боорунан, бадалдардын, таштардын арасынан арбын таштанды чогулганын көрүүгө болот.

"Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулсак, экономикабызды өнүктүрөбүз десек өзүбүздөн башташыбыз керек. Бир сааттын ичинде кенедей жерден ушунча таштанды жыйналып жатканда туристтик жагымдуулук тууралуу кантип сөз кыла алабыз? Тазалык – биздин айланабыздагы дүйнөгө жана өзүбүзгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү. Эс алган ар бир киши өзүнөн кийин таштанды тергенди үйрөнүшү керек! Бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек, балдарыбызга эмне калтырабыз деп ойлонушубуз кажет", — деди башкалар менен кошо мүшөктөргө таштанды салып жүргөн Жапаров.

Президент өлкөбүздүн ар бир булуң-бурчу, мейли шаар болобу, айыл жери болобу, көрктөндүрүлүп, жашоого жана эс алууга жагымдуу болушу зарылдыгын айтты. Ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштандыны жыйнап кетип, коомдук жайларга, жаратылышка калтырбоого милдеттүү экенин белгиледи.
1 / 3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттик администрациянын, иш башкармалыктын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 14-сентябрда, Чүйдөгү "Теплые ключи" дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында ишембилик өткөрдү

2 / 3

Анын маалымат кызматы тараткан видеодон тоо боорунан, бадалдардын, таштардын арасынан арбын таштанды чогулганын көрүүгө болот

3 / 3

Президент өлкөбүздүн ар бир булуң-бурчу, мейли шаар болобу, айыл жери болобу, көрктөндүрүлүп, жашоого жана эс алууга жагымдуу болушу зарылдыгын айтты

Мамлекет башчысы балдарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурууга үндөп, тарбия аркылуу тазалык маданиятын, жоопкерчилик жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле калыптанарын айтты.
Жапаров балдарды курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга үйрөтүүнүн эң жакшы жолу – чоңдордун жеке үлгүсү экенин белгиледи. Ал ар бир адамдын тазалыкты жана тартипти сактоого кошкон салымын сезе билүүсү маанилүү экенин айтып, бул бир гана бийликтин милдети эмес, ар бир жарандын милдети экенине токтолду.
Суунун боюнан таштанды жыйнаган Садыр Жапаров эс алгандарга кайрылды. Видео