"Кыргызстанга келип иштеңиздер". Президенттин маалымат катчысынын кайрылуусу

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Россияда тигүү тармагында иштеп жүргөн кыз-келиндерди, курулушта эмгектенген эркектерди Кыргызстанга келип иштөөгө чакырды. Бул боюнча социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал учурда Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күч жетишпей жатканын белгилеген.
"Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы Россияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы, Ата Мекениңизде, өз үй-бүлөңүздүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер", — деген Алагөзов.
Маалымат катчы байланышып, суроолорго жооптор бериле турган төмөнкү телефон номерлерди калтырган:
1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга) жана 0559189900 (WhatsApp).
Ысык-Көлдөгү VI Кыргыз-Россия экономикалык форуму
Акылбек Жапаров: Россияда иштеген кыргызстандыктар эки өлкөгө тең пайдасын тийгизүүдө