БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош шаардык милициясы ата-энесинен запкы жеген дагы бир баланын видеосу боюнча текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.
Социалдык тармакка тараган видеодогу бала аны атасы менен апасы урганын айтып, денесинин көгөрүп калган жерлерин көрсөткөн. Анда көгөрүп, шишип калган бетин кармап "ооруп жатат" дегенин көрүүгө болот. Кадрга денесиндеги карттанып бараткан жараат да түшүп калган.
Ош ШИИБи үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү аныкталганын, учурда алардын жашаган жерин аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Буга чейин аялына өчөшүп кичинекей баласын кордоду деген кишинин видеосу тарап, милиция Алайдын 39 жаштагы тургунун тапкан.