Коррупционерлер мамкызматка бара албайт. УКМК сунуштаган мыйзамдын чоо-жайы

Атайын кызмат көрүлгөн чараларга карабастан мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээли жогору бойдон калып, катаал жазалар керек болуп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытында мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкуу үчүн порталга жайгаштырылды.
Атайын кызмат көрүлгөн чараларга карабастан мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээли жогору бойдон калып, катаал жазалар керек болуп жатканын белгилеген.
Мыйзам долбоорунун урунттуу учурлары:
коррупциялык кылмыш боюнча соттолгондор мамлекеттик же муниципалдык кызматка иштей албайт;
коррупциялык кылмыш боюнча күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу жана айып пулдарды жокко чыгаруу;
жубайы, жакын тууганы оор же өзгөчө оор кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылгандарды мамлекеттик кызматка алуудан баш тартуу;
күнөөсүн моюнга алып, материалдык зыяндын ордун толтурса эркинен ажыратуу боюнча каралган максималдуу мөөнөттүн жарымын дайындоо.
Ташиев: коррупцияга аралашкандардын бирөө дагы жазасыз калбайт