"Алтынды мурда учакка жүктөп кетишчү". Ташиев тоо-кен тармагындагы мафия жөнүндө

УКМК төрагасы кен байлыктарды иштетүү жаатында иштер толук көзөмөлгө алынып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кен байлык иштетүүгө берилген 23 лицензия артка кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал кечээ, 13-сентябрда, Сокулук районунундагы борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушуна старт берген. Ташиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамааты менен жыйын өткөрүп, коррупцияга жол бербөө тууралуу сүйлөшкөнүн белгиледи.
"Мамлекеттин тегерегиндеги кен байлыктар мыйзамсыз сатылса баары башы менен жооп берет. Алтынга берилген 23 лицензияны кайтардык", — деди ал.
УКМКнын төрагасы бул өзүнчө мафияга айланып кеткендигине токтолду.
"Кен байлыктардын лицензиясын бири-бирине сатып, чырмалышкан мафия болуп кеткен. Этегинде бир чет элдикке сатылып, мамлекетке бир сом түшпөй келген. Карасаң бир тоону бир чет элдик, дагы башкасын экинчиси... Карасаң лицензиясы бар, анын мамлекетке пайдасы жок. Ушунун баары эми көзөмөлдө. Мындан тышкары, мамлекетте чыгарылып жаткан алтындын бир килограммы уруксатсыз эч жакка чыкпайт. Мурда "Манас" аба майданына учак келип, ай сайын жүктөп кетчү. Азыр андай жок, ошондуктан бюджет көтөрүлүүдө", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал коррупция менен күрөш күч алганын, бирок али жыйынтыктала электигин кошумчалады.
УКМК: "Эркеч-Там" өткөрмө пунктундагыларды сабаган 25 "ортомчу" кармалды