ЕЭКте эки жыл иштегендерди кадрлар резервине сынаксыз киргизүү сунушталды

Мамлекеттик органдарды эл аралык эмгек тажрыйбасы бар адистер менен камсыз кылуунун зарылдыгы келип чыкканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. ЕЭКте эки жылдан ашык иштегендерди сынаксыз кадрлар резервине киргизүү сунушталды. Мамлекеттик кадр кызматы президенттин тиешелүү жарлыгына өзгөртүүлөрдү сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, комиссияда эмгектенгендер эл аралык кызматкер болуп саналат. Ал эми аталган кызматкерлер уюмда иш алып баруу менен тажрыйба топтоп жатканы белгиленген.
"Кадр саясатын өркүндөтүү максатында мамлекеттик органдарды комиссияда эмгек тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуунун зарылдыгы келип чыгууда. Жарлыктын долбоорунда ЕЭКте эки жылдан ашык иштегендерди квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда автоматтык түрдө киргизүү сунушталат. Арызынын негизинде алар конкурстук жол-жоболордон өтпөстөн мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчисинин буйругу (башка тескөөчү документ) менен беш жумушчу күндүн ичинде кадрлар резервине 3 жылдык мөөнөткө киргизилет", — деп айтылган маалыматта.
Элдар Алишеров ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри болду