Радио

Абакирова: кайрымдуулук марафонуна катышкандар жылдан-жылга көбөйүүдө

Nomad Sport коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Айгерим Абакирова быйыл кайрымдуулук жарым марафонунан чогулган акча токойчуларга экипировка сатып берүүгө жумшаларын маалымдады.
Sputnik
22-сентябрда Бишкекте кезектеги Snow Leopard Run эл аралык жарым марафону өтөт. Ак илбирсти коргоого арналган мындай иш-чараны Nomad Sport уюму быйыл катары менен бешинчи жыл уюштурууда. Бул тууралуу Айгерим Абакирова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чарага төрт миңден ашуун адам катышары күтүлүүдө.
"Аталган жарым марафон эң алгач 2019-жылы өткөрүлгөн. Быйыл төрт миңден ашуун адам катышары күтүлүүдө. Анын 500ү — 3төн 13 жашка чейинки балдар. Марафондо жаш курак чектелбейт. Жаңылбасам, 80 жаштагы спортчулар бар. Катышуучулар 21, 14, 5 жана 1 чакырымга чуркашат. Чуркоо борбордук аянтта таңкы саат 6:00дө башталат. Марафондун катышуучуларынан түшкөн каражат ар кандай долбоорлорго жумшалат. Башында ак илбирстерге карата долбоорлорго берип жүрдүк. 2021-жылы чогулган каражатка 30дан ашуун фотокапкан сатып бергенбиз. Андан кийинки акча токойчуларга автоунаа алып берүүгө сарпталган. Учурда колдонуп жатышат. Кийинчерээк кайрымдуулукту кеңейтип экология, спорт тармагындагы долбоорлорго берип баштадык. Бул жылы токойчуларга экипировка сатып берүү пландалып жатат. Ошондой эле алар жөнүндө маалыматтык кампания өткөрүп бергени турабыз. Кыргызстан боюнча 100гө жетпеген токойчу бар экен. Алар — өлкөнүн жаратылышын, жаныбарларын коргоодо эң керектүү адамдар", — деди Абакирова.
Ал марафонго катталуу баасы ар 15 күндө өзгөрүлүп турарын, учурда 2 700 сом менен катталуу жүрүп жатканын кошумчалады.