Бишкекке балдардын кардиохирургиялык борбору курула баштады

Жаңы борборду 2025-жылдын март айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкекте балдардын тубаса жана кийин пайда болгон жүрөк ооруларын диагностикалоого жана хирургиялык дарылоого адистешкен борбор курула баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
1 / 5

Бишкекте балдардын тубаса жана кийин пайда болгон жүрөк ооруларын диагностикалоого жана хирургиялык дарылоого адистешкен борбор курула баштады

2 / 5

Билдирүүгө ылайык, балдар кардиохирургия борборунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи 13-сентябрда өттү

3 / 5

Салтанаттуу иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Улуттук илимдер академиясынын академиги Кубанычбек Жумалиев, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги, кызматкерлери жана башка коноктор катышты

4 / 5

75 орундуу беш кабаттуу борбордун курулушуна академик Кубанычбек Жумалиев демөөрчүлүк кылат

5 / 5

Долбоордун жалпы баасы 375 миллион сомду түзөт. Жаңы борборду 2025-жылдын март айында пайдаланууга берүү пландалууда

Билдирүүгө ылайык, Балдар кардиохирургия борборунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи 13-сентябрда өттү.
"Салтанаттуу иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Улуттук илимдер академиясынын академиги Кубанычбек Жумалиев, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги, кызматкерлери жана башка коноктор катышты. 75 орундуу беш кабаттуу борбордун курулушуна академик Кубанычбек Жумалиев демөөрчүлүк кылат. Долбоордун жалпы баасы 375 миллион сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы борборду 2025-жылдын март айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Ысык-Көлдө алгачкы тармактык мейманкананын курулушуна старт берилди. Видео