Бишкекте курсант баңгизат сатып жүргөн деген шек менен кармалды

Учурда шектүүнүн бул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкекте курсант көп убакыттан бери баңгизат сатып келген деп кармалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Кармалган Э. Т. аттуу жаран Россиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн 2-курсунун курсанты экени айтылат.
Милиция Чоң Чүй каналынын аймагынан баңгизат кыстырылган 49 жерди тапкан. Жалпы салмагы 88 граммдык зат синтетикалык баңгизат (альфа-туз) болуп чыккан. Шектүү дагы ЧЧКнын аймагынан колго түшкөн.
Болгарияга Кыргызстандан барган жүктөн баңгизат табылганбы? ИИМдин жообу