Ичип алган... Инспекторду сөгүп, айласын кетирген айдоочунун видеосу

Видеодон салондун ичинде спирт ичимдиктеринин тоголонуп жаткан бөтөлкөлөрүн көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкекте Hummer автоунаасынын айдоочусун инспекторлор токтоткон, бирок ал дароо эле айтканга көнүп мыйзамга баш ийип калбай, бир топ убаракерчилик жараткан.
Видеодон мас болгон ак топучан айдоочу инспекторлорго баш бербей, бирөөсүн уят сөздөр менен сөгүп-сакканын көрүүгө болот. Тагыраагы, инспектор Мирлан Таалайбеков ал мындай кебетеси менен башкаларды сүзүп алышы мүмкүн экенин, рулга ичип отурганы үчүн автокөлүгү айып короого токтотулуп, айып салынарын эскерткен. Айдоочу аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, колун сындырып саларын айтып, ал тургай "төрт көз" деп көз айнегине чейин асылган.
Ошондой эле алар көрсөткөн видеодон автоунаанын капталы сүрүлүп калганын, салондун ичинде спирт ичимдиктеринин тоголонуп жаткан бөтөлкөлөрүн көрүүгө болот.
Жыйынтыгында Hummer айып короого токтотулуп, айдоочуну кызматкерлер тиешелүү текшерүүгө алып кетишкен.
Инспектор кишини жаткырып алып сабаган видеого Кайгуул милиция түшүндүрмө берди