Радио

Дуйшенкулова: энелердин көбү бала эмизүүнүн эрежелерин биле бербейт

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дуйшенкулова бала эмизүүнүн негизги эрежелерин айтып берди.
Sputnik
Бала эмизүүнүн да эрежелери болот. Аны эне төрөгөнгө чейин эле үйрөнүп алышы керек. Мындай пикирин Марина Дуйшенкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланы туура эмес кармап эмизгендиктен эмчектин учу жарылып, оорутат.
"Баланы эмизүү үчүн эне эң биринчи психологиялык жактан даяр болушу абзел. Ошондо бул процесс жеңил өтөт. Баламды алты айга чейин өзүмдүн сүтүм менен багам деген ишеним да болуусу кажет. Төрөттөн кийин эненин сүтү дароо эле чыга калбайт. Ал акырындык менен көбөйөт. Ал үчүн ымыркай оозун чүрмүйтүп баштаганда же эмчек сурап ыйлаганда эле эмизүү зарыл. Анткени бала канчалык көп эмсе, ошончолук сүт чыгат. Мурда ар бир эки саат сайын эмиз деген кеңештер берилчү. Азыр баланын каалоосу менен эмизүү сунушталат (мисалы, ортосу 10 же 15 мүнөт болушу мүмкүн). Ошондой эле ымыркай эмчек сооруп жатканда бөлмө тынч болушу керек. Кайын ата, кайын эне, жолдошу жана жакындары жардам берип, эненин тынчын албоо сунушталат. Анткени бул маалда эне-бала тыгыз байланышта болот. Апасы тынчсызданганын ымыркай сезип, ага кандайдыр бир таасирин тийгизет. Наристе тогуз ай эненин курсагында жаткандыктан жарыкка келгенде энени коргоочу адамы катары көрөт. Аны андан башка эч ким сактабагандай сезилет. Мындан тышкары, эмизгенде аял өзү ыңгайлуу абалды тандап, чүрпөсүнө ыңгайлуу шартты түзүп берүүсү абдан маанилүү. Эмизүү учурунда ыңгайлуу абал сүттүн эмчектен жакшы чыгышын камсыздайт жана лактостазды (сүттүн тартылышын) алдын алат. Ошондой эле ымыркайдын оозунда мүмкүн болушунча бүт үрп жана ареоланын көп бөлүгү болушу зарыл. Анткени бул учурда бала жакшы соро алат", — деди Дуйшенкулова.
Ал, мындан тышкары, колтуктун эмчекке жакын жерлери, учтары катуу болуп ооруксунуп калганда ал жерге ысык нерсе койбош керектигин, манжалардын жумшак жерлери менен гана акырын массаж кылууну кошумчалады.