Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путиндин РФке Батыш куралы менен сокку уруу боюнча айтканына Байдендин жообу

АКШнын азыркы президенти согуш отун алоолонтуп жибере турчу чечимдердин кесепети боюнча айтылгандарга так, мазмундуу жооп кыла алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден РФ лидери Владимир Путиндин Украинанын Куралдуу күчтөрүнө Батыштын алыскы аралыкка атуучу куралын Россиянын аймагына сокку урууга колдонууга уруксат бергени кесепеттүү дегенине жооп кайтарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ак үйдүн башчысынан журналисттер Россиянын президентинин Батыш Украинадагы чатакка түздөн-түз аралашса кесепети тиет деп айткандарына реакциясы кандай экенин сурашкан.
"Мен Путин тууралуу көп деле ойлонбойм", — деген Байден.
АКШнын азыркы президенти согуш отун алоолонтуп жибере турчу чечимдердин кесепети боюнча айтылгандарга так, мазмундуу жооп кыла алган эмес.
Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер брифингде АКШ президенти Байден менен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин алдыдагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Россиянын аймагына Батыштын алыскы аралыкка учуучу ракеталарын колдонууга уруксат берүү тууралуу эч кандай кеп-сөз күтүлбөй турганын билдирген.
Бейшемби күнү Путин НАТО өлкөлөрү учурда Киевге жогорудагы ракетеларды колдонууга уруксат берүүнү гана эмес, согушка түздөн-түз аралашууну ойлонуп жатышканын айтып чыккан. Россиянын лидери эгер кырдаал ушул тейде кете берсе өлкө дагы коркутууларга чечимдерди кабыл алууга мажбур болорун айткан. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путиндин билдирүүсү өтө так жана бир беткей экенин, ал тиешелүү адамдарга түз багытталганыны белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Россияга ATACMS менен сокку уруу боюнча чечим кабыл алынганын четке какпайт