Американын Калифорниядагы базасында Россиянын армиясына каршы машыгуулар жүрүүдө

Америкалык маалымат каражаттары кабарлагандай, машыгууда "душмандын армиясынын" ролун дайыма 11-бронетанкалык атчан полк ойнойт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Американын Форт Ирвин аскер базасында Россиянын армиясына каршы согушка машыгуулар жүрүп жатканын РИА Новости жазды.
Машыгуунун картасында ок өтпөс техникалардын жүрүшү, баш калкалоочу жайлар, ок атуу буталары, конуу зоналары жана башка белгилер көрсөтүлгөнү айтылат.
Форт Ирвин улуттук окуу борбору — АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн негизги машыгуу полигону. Ал Сан-Бернардино округундагы (Калифорния) Мохаве чөлүндө жайгашкан жана АКШнын аскерлери ал жерде потенциалдуу атаандаштарына каршы даярдыктарды көргөнү менен белгилүү. Атайын операция башталгандан бери базада Украинадагы согуштун жүрүшү талкууга алынып, ишке ашырылууда.
Америкалык маалымат каражаттары кабарлагандай, машыгууда "душман армиясынын" ролун дайыма 11-бронетанкалык атчан полк ойнойт. Сценарий боюнча, "атаандаш" жасалма курулган Ujen конушунда жайгашкан. Машыгуу борборунун мурдагы башчысы, генерал Курт Тэйлор журналисттерге азыркы реалдуулуктун фонунда калктуу конуштун аты жазылган тактадагы жазуу кириллицада коюлганын, бирок имараттар өзгөртүлбөгөнүн айткан. Ал жердеги сүрөттөрдөн мечиттердин мунараларын көрүүгө болот (сыягы, Ирак менен Афганстандагы согушка даярдыктан калган).
Россия Украинага курал жеткирүү НАТО үчүн жаңжалга аралашууну билдирерин айтып, мунун баарын "от менен ойноп жаткандык" деп атаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путиндин РФке Батыш куралы менен сокку уруу боюнча айтканына Байдендин жообу