15-сентябрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. 15-сентябрь, жекшембиде, тоолуу аймактарга жамгыр жааса, дыйканчылык өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +27...+32 градус болот.
Борбор калаада күндүн табы +24...+26, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы