Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте курсант баңгизат сатып жүргөн деген шек менен кармалдыАмериканын Калифорниядагы базасында Россиянын армиясына каршы машыгуулар жүрүүдөЫсык-Көлдүн жээгине унаасы менен кирген айдоочуга айып салынды алдыда кененирээкКен байлык иштетүүгө берилген 23 лицензия артка кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал кечээ, 13-сентябрда, Сокулук районунундагы борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушуна старт берген. Ташиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамааты менен жыйын өткөрүп, коррупцияга жол бербөө тууралуу сүйлөшкөнүн белгиледи. "Мамлекеттин тегерегиндеги кен байлыктар мыйзамсыз сатылса баары башы менен жооп берет. Алтынга берилген 23 лицензияны кайтардык", — деди ал.Ошондой эле ал коррупция менен күрөш күч алганын, бирок али жыйынтыктала электигин кошумчалады.
Бишкекте курсант көп убакыттан бери баңгизат сатып келген деп кармалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Кармалган Э. Т. аттуу жаран Россиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн 2-курсунун курсанты экени айтылат. Милиция Чоң Чүй каналынын аймагынан баңгизат кыстырылган 49 жерди тапкан. Жалпы салмагы 88 граммдык зат синтетикалык баңгизат болуп чыккан. Шектүү дагы Чоң Чүй каналынын аймагынан колго түшкөн.
Ысык-Көлдүн жээгинде Tesla унаасын ээнбаштык менен айдаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Автоунаа көл жээкке кирип алгандыгы жергиликтүү тургундар тарабынан видео тасмага түшүрүлүп, интернет булактарында тараган. Бул факты боюнча жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл облусунун жол кайгуул кызматкерлери тарабынан жогорудагы унаа табылып, анын айдоочусу 51 жаштагы К.М.Л. аттуу жаран экендиги аныкталды. Ага эреже бузгандыгы үчүн Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынды.
Американын Форт Ирвин аскер базасында Россиянын армиясына каршы согушка машыгуулар жүрүп жатканын РИА Новости жазды. Машыгуунун картасында ок өтпөс техникалардын жүрүшү, баш калкалоочу жайлар, ок атуу буталары, конуу зоналары жана башка белгилер көрсөтүлгөнү айтылат. Форт Ирвин улуттук окуу борбору — АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн негизги машыгуу полигону. Ал Сан-Бернардино округундагы (Калифорния) Мохаве чөлүндө жайгашкан жана АКШнын аскерлери ал жерде потенциалдуу атаандаштарына каршы даярдыктарды көргөнү менен белгилүү. Атайын операция башталгандан бери базада Украинадагы согуштун жүрүшү талкууга алынып, ишке ашырылууда. Америкалык маалымат каражаттары кабарлагандай, машыгууда "душман армиясынын" ролун дайыма 11-бронетанкалык атчан полк ойнойт.Машыгуу борборунун мурдагы башчысы, генерал Курт Тэйлор журналисттерге азыркы реалдуулуктун фонунда калктуу конуштун аты жазылган тактадагы жазуу кириллицада коюлганын, бирок имараттар өзгөртүлбөгөнүн айткан. Ал жердеги сүрөттөрдөн мечиттердин мунараларын көрүүгө болот сыягы, Ирак менен Афганстандагы согушка даярдыктан калган.