Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
УКМКнын делегациясы Пекинде өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк кеңешинин 42-жыйынына катышты. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жана ШКУнун өкүлдөрү катышты. Кезек боюнча кийинки жылдык мезгилге Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнү белгиленди. Ошондой эле жыйында жыл ичинде уюштурулган окуу-машыгуу, жыйын, иш-чараларга баа берилип, болочок пландар бекитилгени кошумчаланды.
Өлкөдө 20-21-22-сентябрда органикалык продукциялардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал "Органикалык Экспо — Борбордук Азия" форумунун алкагында уюштурулат. Көргөзмө-жарманке Бишкек шаарынын Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында өтөт. Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукциялары жана технологиялары көрсөтүлөт. Коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер, кургатылган жемиштер жана жаңгактар, шире, кыям, консервалар жана пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал, аары продуктулары жана башкалар коюлатОшондой эле экологиялык таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Жарманке эртең мененки саат 9:00дөн 18:00гө чейин уланат.
Ош шаарынын мэриясы "Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон жеке тармак" аталышындагы сынак жарыялады. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы билдирди. Конкурс Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган. Сынакка Ош шаарындагы бардык жеке тармактар катыша алат. Шарт боюнча, мекеменин аталышы, сырткы жана ички маалыматтардын баары мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына дал келиши керек. Жеке тармактын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө болгон аракети, улуттук баалуулуктарга басым жасашы жана мекенчилдикти ойгото турган жасалгасына көңүл бурулат.
Маданият тармагы болуп көрбөгөндөй саясатташты. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин Санкт-Петербургда өтүп жаткан Биргелешкен маданияттардын эл аралык форумунда билдиргенин РИА Новости жазды. Өлкө башчысы Россия өзүнүн баалуулуктарын ыйык тутарын, бирок эч кимге таңуулабай турганын белгилеген. Ал маданият дүйнөнү сактап келгенин, бирок кайсы бир мамлекеттерде ал сыпат жокко чыгып кеткенин кошумчалады. Россия лидеринин айтымында, кадыр-баркы бийик деген саясатчылар адеп-ахлактык чектен чыгып, кол тийгис деген нерселерди унуткарып коюшкан. Президент дал ушул себептен улам салттуу баалуулуктарды жогору баалаган адамдарга гуманитардык колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол койгонун белгиледи. Бул кадам эли тандоо эркиндигинен ажыратылган өлкөлөрдөн түшкөн кайрылууларга жооп иретинде жасалган.