Пенсиялык күбөлүгү жокторго жеңилдетилген медкызмат көрсөтүлбөйт. Эскертүү

Пенсиялык күбөлүк тууралуу суроолор болсо 113 номерине кайрылуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Пенсионерлер үчүн жеңилдетилген медициналык кызмат пенсия күбөлүгү болгондо гана көрсөтүлөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) эскертет.
"Пенсиялык күбөлүгү жок болсо мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдиктер берилбейт", — деп айтылат маалыматта.
Фонд кыргызстандык пенсиялык күбөлүгү бар пенсионерлерге үй-бүлөлүк медициналык борборлордо төмөнкүдөй жеңилдиктер берилерин эске салды:
акысыз консультация, изилдөө, дарылоо;
акысыз 50гө чейинки лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
айрым дары-дармектерге 50 пайызга чейин арзандатуу;
күндүзгү стационарда инъекцияларды, тамчылаткычтарды алууга 50 пайыз арзандатуу (дары-дармек, система, шприц кирбейт);
реабилитациялык жана физиотерапиялык кызмат көрсөтүүлөргө 50 пайызга чейин арзандатуу.
Ооруканада:
ооруканага жаткыруу үчүн, дарылоону дайындоо, ийне саюу, физиотерапия жана реабилитация, анын ичинде анестезияны кошкондо операция жасоо үчүн минималдуу деңгээлдеги кошумча төлөм (330-430 сом) акысыз болот.
Эгерде пенсиялык күбөлүгү жоголсо же алынбаса, анда социалдык коргоо органдарына кайрылуу зарыл.
ММКФ шашылыш медициналык жардам өмүргө коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөрүн да эске салды. Суроолор боюнча фондго 113 номери аркылуу кайрылса болот.
Октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлүп, 6900 сомдон кем болбойт