УКМК Данияр Үсөновдун уулунун Бишкектеги ресторан-кафелерин жапты

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети качкын экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөновго таандык ресторандарды жапканын Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булактар билдирди.
1 / 4

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети качкын экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөновго таандык ресторандарды жапканын Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булактар билдирди

2 / 4

Red Cow, Social, Sushi Room, Aroma, "Тесто-место" мекемелери жабылды. Коомдук тамактануучу жайлардын эшигинде УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан мөөр басылганы көрсөтүлгөн.

3 / 4

Эске салсак, Мурат Үсөнов январь айында кылмыштуу акчаны адалдаган деген айып менен издөөгө алынган

4 / 4

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Ысык-Көлдөгү "Каганат" пансионатындагы "Фламинго Бей" ресторанынын жана "Ак" түнкү клубунун тең кожоюну болгон

Маалым болгондой, Red Cow, Social, Sushi Room, Aroma, "Тесто-место" мекемелери жабылды. Коомдук тамактануучу жайлардын эшигинде УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан мөөр басылганы көрсөтүлгөн.
Эске салсак, Мурат Үсөнов январь айында кылмыштуу акчаны адалдаган деген айып менен издөөгө алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Ысык-Көлдөгү "Каганат" пансионатындагы "Фламинго Бей" ресторанынын жана "Ак" түнкү клубунун тең кожоюну болгон. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Үсөнов Камчы Көлбаевге тиешелүү "Ордо" соода жана оюн-зоок комплексинде элиталык түнкү клуб ачууну да пландаган. Ал Бишкектеги 11ден ашык элиталык мекемелерди тейлеген ресторан бизнесинин башкаруучу компаниясына ээ, кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого кеткен. Мурат Үсөновго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш жасоого уюшкан топко катышуу" беренеси боюнча сыртынан айып тагылган.
Кылмыштуу топту каржылаган деп экс-депутат Нургазы Айдаров издөөгө алынды