Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин НАТО Украина согушуна түз катышууну талкуулап жатканын айтты. АКШнын жообу

Бир катар америкалыктар алардын бийлиги тобокел коштогон кадамдарды таштап, от менен ойноп жатканын белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК,13-сен. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин НАТО мамлекеттери Украина согушуна түз катышуу ыктымалдыгын сүйлөшүп жаткандыгын өзгөчө белгилеп айткандан кийин Батыш ага өзүнүн реакциясын жасап, билдирүүсүн таратты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Эске салсак, Путин эгерде жогоруда айтылгандай чечим кабыл алынса, ал чатактын түпкү маани-маңызын таптакыр өзгөртөрүн белгилеген.
"Бул АКШ, Европа мамлекеттери Россия менен согушат дегенди билдирет", — деген РФ лидери.
Путин НАТО өлкөлөрү сөз болуп жаткан кадамдары боюнча "акыл калчап ойлонуп, өздөрүнө отчет бериши керектигин" кошумчалаган.
Мындай билдирүүдөн кийин АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлүнүн орун басары Ведант Патель америкалык курал менен Россиянын түпкүрүнө чабуул жасоого коюлган чектөөнү алып салууга даяр эместигин айтты.
"Менде эч кандай саясат тууралуу билдирүү жок, муну менен кызыл кулактык кылгым да келген жок", — деди ал CNN телеканалынын эфиринде Украинанын америкалык куралдар менен РФтин түпкүрүнө сокку уруу темасында сүйлөп жатып.
Патель учурда америкалык администрациянын бул маселе боюнча позициясы өзгөрбөгөндүгүн белгиледи.
Ал эми АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы офицери Дэниел Дэвис Батыш Россиянын түпкүрүнө чабуул коюу менен маселени чечебиз деп өтө кооптуу тобокелге барып жаткандыгын айткан.
"Биз мындай кадам таштап, от менен ойноп жатабыз", — деген офицер.
Анын пикиринде, Батыш мамлекеттеринин лидерлери мындай чечимдери менен дүйнөнү согуштун жаңы этабына жакындатып жатышат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинанын кадамынан кийинки Россиянын аракетинен чочулап турат