Мамлекеттик тилди өнүктүрүү. Ошто ишкерлер арасында сынак жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы "Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон жеке тармак" аталышындагы сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Конкурс Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган.
"Сынакка Ош шаарындагы бардык жеке тармактар (өндүрүш ишканалары, мейманкана, кафе, ресторандар, соода түйүндөрү, сулуулук салондору) катыша алат. Шарт боюнча, мекеменин аталышы, сырткы жана ички маалыматтардын баары мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына дал келиши керек. Жеке тармактын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө болгон аракети, улуттук баалуулуктарга басым жасашы жана мекенчилдикти ойгото турган жасалгасына көңүл бурулат", — деп айтылат маалыматта.
Конкурска катышууну каалагандар сүрөт, видеону mamtil.oshmeriya@gmail.ru электрондук почтасына же 0558 888 929 (Telegram) номерине жөнөтсө болот.
Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилинин үч айлыгы жарыяланды