Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 9…11, тоо этектеринде 4…6 градус жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -1...-3кө жетип үшүк жүрөт. Күндүз 11…16дан 21…26га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 2…7 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градустун тегерегинде болушу ыктымал. Кээ бир түндөрү -3…-5ке чейин сууктап үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 18…23, кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 38-41 мм, тоо этектеринде 25-43 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 7…9 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6, кээ бир түндөрү -3…-5 градуска жетип үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 10…15тен 20…25ке чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (23-25 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 11…13 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14кө чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир түндөрү 0...-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрүп, кээ бир күндөрү 6…11 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 29-50 мм, тоо этектериндеги райондордо 26-42 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 11…13 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14кө чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир түндөрү 0...-2 градуска түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 12…17ден 22…27ге жетет, кээ бир күндөрү 6…11 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 37-39 мм, тоо этектериндеги райондордо 23-82 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 11…13 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14кө чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү 0...-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрүп, кээ бир күндөрү 6…11 градуска төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрүндө 11-13 мм, тоо этектериндеги райондордо 22-24 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде 6…8 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7, кээ бир түндөрү -3…-5 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Күндүз 3…8ден 13…18ге чейин өзгөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (5-27 мм, чыгышында 41-58 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде 5…7 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° жылуулуктун тегерегинде болуп, кээ бир түндөрү -3…-8 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз 7…12ден 14…19га чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (8-19 мм).
Күздүн башында суук түшөбү? Сентябрга карата аба ырайы