Көчмөндөр оюнундагы жорго салышта Кыргызстан, аламанда Казакстан биринчи келди

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктоочу мелдештериндеги ат чабышта жорго салышта Кыргызстандын тулпары, аламан байгеде Казакстандын аргымагы биринчи келди.
9 чакырым аралыктагы жорго салышта кыргызстандык Жакыпбек Карыпбековдун Чиксон Лок деген жылкысы алдына эч кимди салган жок. Аны Чубак Жайлообек уулу чапты.
Ал эми 2-орунду казакстандык Кымбат Тилегали уулунун Акжаан жоргосун чапкан Ербулан Тилегали уулу ээледи. Ошондой эле дагы бир кыргыз жорго Императрицаны Нурэл Иранов чапты. Үчүнчү орунда келген бул тулпардын ээси Өмүрбек Бабанов экени айтылды.
Ал эми 25 чакырымдык аламанда кыргыздын Каракыз күлүгү үчүнчү болуп марага келди. Биринчи болуп казакстандын Айкабак аргымагы келсе, Жумуртуяк экинчи болду.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Көчмөндөр оюндары бүгүн ат чабыш, куш салуу менен жыйынтыкталат. Программа