ШКУнун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк кеңеши Кыргызстанда өтөт

Жыйында жыл ичинде уюштурулган окуу-машыгуу, жыйын, иш-чараларга баа берилип, болочок пландар бекитилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. УКМКнын делегациясы Пекинде өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык терроризмге каршы түзүмдүк (РТКТ) кеңешинин 42-жыйынына катышты. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жана ШКУнун өкүлдөрү катышты.
Кезек боюнча кийинки жылдык мезгилге ШКУнун РТКТ кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнү белгиленди.
Ошондой эле жыйында жыл ичинде уюштурулган окуу-машыгуу, жыйын, иш-чараларга баа берилип, болочок пландар бекитилгени кошумчаланды.
Пресс-борбор
ШКУ менен ЕАЭБдеги транспорт коридорлорун өнүктүрүү кайсы этапка келди