Азимбек Бекназаров Апрель окуялары боюнча иштин алкагында кармалды

УКМК кылмышка тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. УКМК саясатчы Азимбек Бекназаров кармалганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектелүүдө.
Атайын кызмат 2010-жылдагы апрель окуяларында банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн акча каражаттарды уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи.
"Тергөөнүн жүрүшүндө убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун ири каражаттарды ыйгарууга катыштыгы бар экени аныкталган. Ошондой эле анын Ысык-Көлдүн курорттук зонасынан, Бишкек шаарынан, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып, жалган адамдарга каттатканы кылмыштуу каражаттарды адалдаштырганын айгинелейт", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү 12-сентябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан тышкары, УКМК кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле ага катышкан бардык адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Президенттин атын жамынып алдаган. УКМК депутаттын кеңешчисин кармады