Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Көчмөндөр оюндары бүгүн ат чабыш, куш салуу менен жыйынтыкталат. Программа

Ат чабыштан башка оюндардын баары — финалдык таймаштар. Беттештер 11:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат чабыш, тыйын эңмей, куш салуу, ордо, мангала боюнча беттештер өтөт.
Ат чабыштан башка оюндардын баары финалдык болуп эсептелет. Беттештер Бишкек убактысы менен 11:00дө башталат.
Ал эми ат чабыштын программасы төмөнкүдөй:
10:00 — жакынкы аралыкка чабуу (1 600 метр);
10:30 — жакынкы аралыкка чабуу (2 400 метр);
11:00 — жакынкы аралыкка чабуу (3 200 метр);
12:00 — жорго салыш (9 000 метр);
12:45 — кунан чабыш (11 000 метр);
13:30 — алыс аралыкка чабуу (18 000 метр);
14:30 — аламан байге (25 000 метр).
Ал эми иш-чаранын жабылуу аземи көрүүчүлөрсүз, спортчулардын эле катышуусу менен шаан-шөкөтсүз өтөрү айтылды. Муну уюштуруучулар бюджеттин кыскартылганынан улам деп түшүндүрдү. Күйөрмандар жабылуу аземине экран аркылуу күбө боло алышары кошумчаланды.
Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү чемпион аталды