Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Эстафета Кыргызстанга өттү. Астанада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

Көчмөндөр оюндарында 21 спорттун түрү боюнча мелдештер өтүп, 80ден ашык өлкөдөн 2000ден ашык спортчу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.
Аталган иш-чаранын ачылышы 8-сентябрда болуп, ага бир катар өлкөлөрдүн башчылары, анын ичинде Садыр Жапаров дагы катышкан.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 21 спорттун түрү боюнча мелдештер өтүп, 80ден ашык өлкөдөн 2000ден ашык спортчу катышканы кабарланды.
Мындан тышкары, маданий жана илимий иш-чаралар уюштурулду.
Оюндардын жыйынтыгы менен жалпы медалдык эсепте Казакстан 44 алтын, 34 күмүш, 37 коло, жалпы 115 медаль утуп биринчи орунду алды. Ал эми экинчиде 65 медаль, анын ичинен 19у алтын, 21и күмүш, 25и коло менен Кыргызстан жайгашты.
Үчүнчүдөгү Россияда 49, төртүнчүдөгү Өзбекстанда 34 медаль бар.
Уюштуруучулардын сайтындагы маалыматка ылайык, оюндарга катышкан 86 өлкөнүн 53ү мелдешти медалсыз жыйынтыктаган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт.
Көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери ар эки жылда өтүп келе жатат. Алгачкы үчөө Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн.
Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү чемпион аталды