Ноокатта менчикке өтүп кеткен автобекет жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

2000-жылдары 0,52 гектар жери менен "Ноокат автобекети" мыйзамсыз менчиктештирилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ноокатта 350 миллион сомдук административдик имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2000-жылдары жалпы аянты 0,52 гектар болгон "Ноокат автобекети" мыйзамсыз менчиктештирилген.
"Учурунда объект райондун калкын автобекет катары тейлөөнү камсыз кылуу, тиешелүү шарттарды түзүү, анын ичинде аймакты асфальттоо, айдоочулар үчүн кафе, бөлмөлөрдү куруу жана оңдоо, жашылдандыруу максатында сатылган. Бирок ушул убакка чейин келишимде көрсөтүлгөн пунктулардын бири да аткарылбай, коммерциялык максатта колдонулган", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча автобекеттин ээлери имаратты жер тилкеси менен шаардык мэрияга ыктыярдуу өткөргөнү кошумчаланды.
Чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар талап кылган деп үч адам кармалды